Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда Алымбек датка жана Курманжан датканын күмбөзү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Облус башчысы Элчибек Жантаев Датка айыл аймагындагы тарыхый жайга барды. Ошондой эле ал көрүстөндүн кире беришин иретке келтирүү, оңдоп-түзөө жана жаңы арка куруу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берди.
Белгилей кетсек, 11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракеге байланыштуу зыярат кылуучулардын саны көбөйүшү күтүлүп жаткандыктан, мазардын инфраструктурасын жакшыртуу - тарыхый мурастарды урматтоонун маанилүү кадамы катары белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан