Иркутск облусунун Чита шаарында 16 жаштагы кыз медициналык түнкү линзаларды тагынгандыктан көрбөй калган. Бул тууралуу Babr Mash Telegram каналы жазды.
Маалыматка ылайык, кыз төрт жыл бою түнкү линзаларды колдонуп, баардык гигиеналык процедураларды апасынын көзөмөлүндө кылган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин өспүрүм линзаларды тагынганда көзү ооруй баштаган, ошондой эле жарыктан коркуу жана көздөн токтобой жаш агуу пайда болгон.
Шашылыш түрдө Иркутск шаарына барып текшерилген. Дарыгерлер көздүн кабыгынын жарасы деген диагноз коюшкан (язва роговицы). Көп убакыт өтпөй кыз такыр көрбөй калган. Дарыгерлер анын көрүү жөндөмүн сактап кала алышкан эмес.