Биз социалдык тармакта

Өлкөдө биринчи болуп Ошто дипломаттар шаарчасы курулат

Өлкөдө биринчи болуп Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды.

Дипломатиялык шаарча Алымбек датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат.

Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан