Бүгүн, 26-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эки жаштагы Айшадан дагы кабар алды. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.
Токторбаев көптөгөн кайрылуулар, сунуштар жеке кат куржунуна келгенин айтып, дайыма өзүнүн камкордугунда болорун убада кылды.
Эске салсак, мэр 22-августтагы таңкы кыдруусунда “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнө барып, балдардан кабар алган. Анда Токторбаев алардын арасынан эң кичүүсү, эки жаштагы Айшага жеке өзүнүн каражатынан колдоо көрсөтөрүн убадалаган.