Бүгүн, 26-августта АКШнын Аризона штатындагы Финикс шаарынын борборунда күчтүү кумдуу бороон болду. Анда 40 миң адам электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Финикс шаарындагы Скай-Харбор эл аралык аэропорту да зыянга учурап, кыска убакытка жабылды.
АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы айдоочуларга бороон болгон аймакка барбоону сунуштады. New York Times басылмасы кабарлагандай, 2 миллиондон ашуун адам жаратылыш кырсыгы тууралуу эскертүү алышкан..