Вьетнамда Каджики тайфунунан кеминде үч киши курман болуп, дагы он киши жабыркады. Табигый кырсык жети миңге жакын үйдү жабыркатты, болжол менен 29 миң гектар күрүч талаасын суу каптады жана 18 миңдей бак-даракты кулатканын чет элдик бамылмалар билдирди.
Маалым болгондой, өкмөт 331 электр мамысы талкаланып, анын айынан бир нече провинция электр жарыгынан ажыраганын билдирди.
Алардын ичинде Тханьхоа, Нгеан, Хатинь, Тхайнгуен жана Футхо бар. Ханойдун көчөлөрү түнкү жаандан кийин катуу суу алдында калган.