
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 26-августта саат 16:31де Ош облусунун аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кулчу жана Кара-Шыбак айылдарында 5, Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарында 4, Карамык, Кара-Тейит, Кабык жана Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилди.
ӨКМ билдиргендей, жер силкинүүдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.