Агартуу министрлиги окуу китептерин басып чыгарууга ушул жылы мамлекет тарабынан 744 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.
Бүгүнкү күндө министрлик “Учкун” ААК менен жалпысынан 571,9 миллион сомго 3 198 650 нускада окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга контракттарды түздү (2023-2024-жылдары 1 490 786 нускада окуу китептери даярдалган). Бул сумманын ичинен бүгүнкү күндө англис тили предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты. Анын ичинде:
- 3-класстар үчүн – 148 830 нуска;
- 4-класстар үчүн – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасы Улуу Британиянын элчилигинин финансылык колдоосу менен жарык көрдү);
- 5-класстар үчүн – 305 010 нуска;
- 6-класстар үчүн – 299 850 нуска;
- 7-класстар үчүн – 288 750 нуска;
- 8-класстар үчүн – 282 050 нуска;
- 9-класстар үчүн – 270 730 нуска.
Ошондой эле 1, 2-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 281 080 нускада басылып чыгууда. Анын ичинде:
- 1-класстар үчүн математика – 295 880 нуска;
- 2-класстар үчүн математика – 344 660 нуска;
- 1-класстар үчүн табият таануу – 295 880 нуска;
- 2-класстар үчүн табият таануу – 344 660 нуска;
5, 7-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча адаптацияланган окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле 1-класстар үчүн “Наристе. Алиппе” окуу китеби басууга даярдалууда.
Кыргызстан менен Орусиянын жумушчу тобу адаптациялаган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Орусияда басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстандагы мектептерине жеткирилет.
Агартуу министрлиги “Окуу китеби” онлайн-платформасын ишке киргизди. Платформа окуу китептерин жеткирүү мөөнөттөрүнө карабастан окуу процессин камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана аларга жетүү үчүн бирдиктүү санариптик ресурс болуп калат. Окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн “Окуу китеби” “Күндөлүк” жана “Санарип Кампа” системдери менен интеграцияланат.
Окуучулар окуу китептерин электрондук түрдө акысыз колдоно алышат, ал эми авторизациядан кийин – офлайн режимде иштөө үчүн аларды жүктөп алышат.