Кечээ, 26-августта Ош шаарында асфальтталган дагы эки көчө пайдаланууга берилди. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчөлөргө асфальт төшөлүп, эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор жаткырылды.