Биз социалдык тармакта

АКШда күчтүү кумдуу бороон-чапкын болду

25-августта Аризона штатындагы Финиксте күчтүү кумдуу бороон-чапкын болду. Бул тууралуу соцтармактарда видео тарады.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда бороондон улам сыртка чыгууга мүмкүн болбой калган.

"Мен колумду сунсам, кумдан көрүнбөй калды. Абдан катуу болду",- деп билдирген жергиликтүү тургундардын бири.

Катуу шамал бак-дарактарды кулатып, электр зымдарын жарактан чыгарды. Кечинде 60 миңден ашык турак-жай жарыксыз калган, аэропортто каттамдар токтотулган.

Куткаруу кызматтары тургундарга транспорттун үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертип, аба ырайы турукташканга чейин мүмкүн болсо үйдө калууну сунуштаган.

27.08
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан