Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда милициянын капитаны кармалды (видео)

Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр ноябрь айында милициянын капитаны алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убадалап, У.Т. аттуу жарандан 20 миң сом, 5000 рубль жана 5500 доллар акча каражаттарын алган. Шектүү жабырлануучуга акчаны прокурор менен тергөөчүгө берем деп шылтоо кылган.

Атайын кызмат ал Мады айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамынын эрте мененки саптык тизилүүсүндө кармалганын белгиледи. Милициянын капитаны УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан