Биз социалдык тармакта

Москва Киевге ок атышпоо келишимин сунуштады. Эмне камтылган?

Москва Киевге Донецк облусун камтыган ок атышууну токтотуу сунушун берди. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, мындай прогресс буга чейин болгон эмес жана бул Трамптын аракеттеринин натыйжасы. Уиткофф ушул жумада Нью-Йоркто украин өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү улантарын айтты.

Ал ошондой эле АКШ президенти Трамптын өзү да сүйлөшүүлөргө катышышы керек экенин белгилеп, Путин согушту токтотууга даяр экенин билдирди. Бирок акыркы чечимди украиналыктардын өзү кабыл алат.

Уиткоффтун айтуусунда, негизги маселе – аймак эмес, коопсуздук кепилдиктери. Ал жыл аягына чейин тынчтык келишимине жетүү мүмкүн экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан