Биз социалдык тармакта

SpaceX "Старшип" ракетасын пайдалуу жүк менен алгачкы жолу ийгиликтүү учурду

Америкалык ишкер Илон Маскка тиешелүү болгон SpaceX Техастагы Starbase космодромунан "Старшип" ракетасын ийгиликтүү учурду. Алгачкы жолу ракета сегиз Starlink спутнигинин макеттерин орбитага чыгарганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Биринчи баскыч "Супер Хэви" бөлүнгөн соң кайра Жерге кайтып, Мексика булуңуна конду. Экинчи баскыч дээрлик 200 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, миссияны улантты.

Учуу 1 саатка созулду жана SpaceX бардык тапшырмалар аткарылганын билдирди. Бул "Старшиптин" онунчу сыноосу, бирок биринчи жолу ийгиликтүү кондурууга жетишилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан