Биз социалдык тармакта

Ноокаттын тоолуу Кайыңды айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу алыскы Кайыңды айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, ал жаңы окуу жылына даяр болду. Эми айылдын балдары заманбап шарттагы мектептен билим алышарын облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, курулуш иштери 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Объекттин жалпы наркы 38 миллион сомду түздү.

Жаңы мектеп 100 окуучуга ылайыкташып, бир кабаттуу окуу корпусун жана спорт залды камтыйт.

Кайыңды айылы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкандыктан, бул билим берүү мекемеси айыл тургундары үчүн өзгөчө мааниге ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан