Биз социалдык тармакта

Бишкекте билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы талкууланды

Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өтүп, жалпы билим берүү мекемелеринин 2025–2026-окуу жылына даярдыгы каралды. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Жыйындын жыйынтыгында мэр 4 райондун башчыларына жана тиешелүү башкармалыктарга мектептер менен бала бакчалардын даярдыгын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. Мыйзам бузуулар жоюлбаса, материалдар укук коргоо органдарына берилери эскертилди.

Ошондой эле 2025-жылга пландаштырылган бардык социалдык объектилердин курулушун өз убагында бүткөрүп, пайдаланууга берүү милдети коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан