Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 27-августтан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Илияс Колопов дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Джунушалиев кол койгонун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Колопов буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. 2024-жылы Колопов президенттик администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан Бишкек шаарынын мэриясына ротацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан