АКШнын Миннеаполис шаарындагы католик мектебине шаршемби күнү куралчан жигит кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, ок атышуудан 8 жана 10 жаштагы балдар каза болгон. Ошондой эле кол салган 20 жаштагы жигит да набыт болгон. Ал эми жаракат алгандардын саны 17ге жеткен. Алардын 14ү 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар.
Атышуу сыйынуу учурунда болгон. Жигит чиркөөгө сырттан туруп, терезелерден ок аткан. Ал сайсыз мылтык жана тапанча менен куралданган. Анын бул иш-аракетинин себеби азырынча белгисиз.