Биз социалдык тармакта

Беловодское-Төлөк жолунун 10 чакырымы асфальтталат 

Чүй облусунун Москва районуна караган Беловодское-Төлөк жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жумуштар министрликке караштуу №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, быйыл мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 10 чакырым аралыкты асфальттоо каралып, курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына жана белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.
Буга чейин Беловодское-Төлөк жолунун титулдук тизмеге киргизилген 3 чакырымына асфальт төшөлүп, жумуштар толук жыйынтыкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан