Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын көчөлөрүнө адамдарды улутунан таанууга жөндөмдүү 50 миң камера орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Белгиленгендей, камералар конкреттүү улутту аныктабайт, бирок Кавказ, Чыгыш Азия жана Борбор Азия аймактарынын өкүлдөрүн, ошондой эле европалыктар, азиялыктар жана негроид расасына таандык адамдарды айырмалай алат.
Бул чаралар Орусиянын өкмөтүндө жыл башында талкууланган. Демилгечилер белгилегендей, камералардын жардамы менен милиция мигранттар көп чогулган жерлерди аныктап, "резина" деп аталган батирлерди таба алат. Бийлик шаардагы 8 миң камераны улутту таануу варианты менен жабдууну пландаштырууда.