Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык милициясы ата-энелерге кайрылды

Бишкек шаардык милициясы ата-энелерге кайрылып, маанилүү жагдайга көңүл бурууга чакырды.

Мекеме кабарлагандай, жаш балдар уюлдук телефон аркылуу онлайн оюндарда көп убакыт өткөрүшөт. Милиция буларды билдирет:

Оюндардын ичинен Roblox оюну эң популярдуулукту ээлейт. Бир караганда, оюн жөнөкөйдөй көрүнүшү мүмкүн, бирок анын артында төмөндөгү кооптуу учурлар болушу мүмкүн:

• Баланын жаш курагына туура келбеген маалыматтын таралышы,
• Алардан мыйзамсыз иштерге же кылмыштарга аралашуусу
• Чоочун адамдар менен байланыш түзүүсү
• Ата-энелеринин банктык карталарынын колдонулушу
• Кылмыш кылууга шарттарды түзүүнү
Өз балдарыңызды коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактаңыздар:
• Балдарыңыздын кандай оюндарды ойногонун көзөмөлдөңүз,
• Алар интернетте ким менен сүйлөшөрүн билип туруңуз,
• Онлайн оюндарда өткөрүлгөн убакытты чектеңиз,
• Мобилдик түзмөктөрдө ата-эне көзөмөлүн колдонуп туруңуз,
• Балдарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүп, сиздин коргооңузда экенин билдирип туруңуз.

"Мындай аракеттер аркылуу гана сиз балаңызды виртуалдык дүйнөнүн коркунучтарынан сактап кала аласыз",- дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан