Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, жол тескөөчүлөрү рейд учурунда Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны токтотуу аракетин көрүшкөн. Бирок айдоочу кызматкерлердин талабына баш ийбей качкан.
Жол тескөөчүлөр кызматтык унаа менен качкан айдоочунун артынан жетип, токтотушкан. Текшерүү учурунда ал мектеп окуучусу экени, эч кандай айдоочулук күбөлүгү жок унааны ижарага алып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факт боюнча ага карата 15 миң сом айып салынып, унаа айып короо жайына токтотулду.