Биз социалдык тармакта

iPhone талап кылган... Ош аскер комиссариатынын кызматкери кармалды (видео)

Ош аскер комиссариатынын кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 21-августта пара катары iPhone уюлдук телефонун алып жаткан жеринен колго түшкөн. Аскер кызматкери жарандан альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оңдуу чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсү үчүн уюлдук телефон сураган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (Кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо) менен кылмыш иши козголду. Шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан