Ош облусунун Кара-Суу районун тургуну Абдукарим Пулатовга классташы, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жаңы үй куруп, ачкычын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта "Регион" телеканалы билдирди.
Ташиев классташынын абалын сурап, анын жакындары менен амандашты. Андан соң үйдүн ачкычын тапшырып, жакшылыктар болсун деген тилеги менен кызыл тасмасын кести.