Биз социалдык тармакта

"Уу сатып жатасыңар да". Шыкмаматов Оштогу рейд учурунда жасалма суусундуктарды тапты (видео)

Бүгүн, 28-августта Ош шаарында акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өттү. Ага Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышкандыгын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Шыкмаматов кыдыруу учурунда жасалма суусундуктарды саткан жайды таап, анын ээсин жана суусундуктарды тараткан фирманы жоопко тартууну тапшырды.

"Суусундуктарды жок кылабыз, сизге айып пул салабыз. Анткени бул суусундуктар жасалма. Coca-Cola суусундугунун идиши мындай чыкпайт. Акциздик маркасы да жасалма. Силерден алган товарды эл ичип жатат. Уу сатып жатасыңар да. Муну ичкен бирөө өлүп калса эмне болот?" - деди ал.

28.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан