Биз социалдык тармакта

Бишкектеги спорт мектептеринин бири жаңы имараттуу болду

Бишкек шаарындагы оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген Балдар-өспүрүмдөр мектебинин жаңы иамараты курулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, объекттин курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджетен каржыланды. Наркы 42 миллион сомду түзөт.
"Жалпы аянты 459 чарчы метр болгон спорт мектеп эки блоктон турат. Ошондой эле заманбап талаптар менен 44 көрүүчүгө ылайыкталган мелдеш өткөрүү залы, машыктыруучунун кабинети жана кийим алмаштыруу жайлары каралган. Жаңы окуу жылдын башталышы менен имарат пайдаланууга берилет", - деп кошумчаланды маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан