2025-жылдын 28-август саат 9:35ке карата Өзбекстандын туруктуу калкы 38 миллион адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Жалпы калктын ичинен эркектердин саны — 19 миллион 136 миң 800, ал эми аялдар — 18 миллион 863 миң 200 адам. Аялдар эркектерге караганда 273,6 миңге аз.
2025-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын туруктуу калкы 37,5 миллиондон ашкан, демек, 2024-жылдын ичинде калк 2 пайызга көбөйдү.