Биз социалдык тармакта

Ошто Эгемендүүлүк күнүнө карата гарнизондук развод өттү (фото)

Кечээ, 28-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан гарнизондук развод болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев жана ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов катышты.
Өз сөзүндө облус жетекчиси Элчибек Жантаев 31-августтун тарыхый маанисине токтолуп, эгемендүүлүк күнү ар бир жаран үчүн сыймык жана мамлекеттин келечегине болгон ишенимдин символу экенин белгиледи. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине коомдук тартипти камсыз кылууда жана элдин майрамдык маанайын сактоодо чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн айтып, бир катар тапшырмаларды берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан