
Кечээ, 28-августта Кара-Көл шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Чыңгыз Кимсанов жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты.
Кеңешменин катышуучуларына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ал эми Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин жетекчиси 12 жылдык билим берүүдө инсанга багыттап окутуу жана мугалимдин ролу жөнүндө баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында STEM багытында сабак берген 77 мугалимге “Алтын Казык” бренди менен тааныла баштаган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.