Биз социалдык тармакта

31-августка карата 115 объект пайдаланууга берилет

31-августка карата 115 социалдык жана инфратүзүмдүк объект пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 115 социалдык объекттинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады. Белгилей кетсек, 2024-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 107 объект пайдаланууга берилсе, быйыл бул көрсөткүч өсүп 115ке жетти.

Алардын ичинен:
• 63 мектеп
• 19 бала бакча
• 11 саламаттыкты сактоо мекемеси
• 13 спорттук жай
• 3 маданий жай
• 6 башка тармактагы объект пайдаланууга берилет.

Республикалык бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнүп, 115 объекттин курулуш иштерине жумшалды.

Мындан сырткары, 2025-жылдан аягына чейин 100дөн ашык социалдык жана инфратүзүмдүк объектти пайдалануу берүү пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан