
31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагара шаркыратмасы Кыргызстандын желегинин түстөрүндө жарыктандырылат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат. Жарыктандырууну Канада жана Америка Кошмо Штаттары жактан көрсө болот.
Канадада жашаган кыргызстандыктар үчүн жолугушуу уюштуруп, гимндин аткарылышын, "Кара жорго" флешмобун, ошондой эле комуз менен өнөр көрсөтөрү пландалууда. Жолугушуу Тable Rock Southeast Flagpole жеринде өтөт.
"Монреалдагы "KG Québec-communauté kirghiz" кыргыз коомчулугу тарабына жана Niagara Parks мекемесине ыраазычылык билдиребиз",- деп айтылат маалыматта.