Биз социалдык тармакта

Бүгүн Кара-Кулжада айрым көчөлөр жабылат 

Бүгүн, 29-августта Кара-Кулжа районунун айрым көчөлөрүндөгү кыймылга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Мындай чектөө райондо өтө турган ири иш-чараларга байланыштуу киргизилет.
Иш-чара учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылат.
"Урматтуу Кара-Кулжа районунун жашоочулары жана коноктору! Бул чараларды түшүнүү менен кабыл алууну жана маршруттук кыймылды алдын ала мерчемдеп алууну суранабыз",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан