
31-август Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленет. Укук коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул иш-чараларды коопсуз өткөрүү максатында, ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактап, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.
Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чарага байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 2500гө жакын милиция кызматкерлери тартылат.