Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн 75 орундуу кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Аталган имараттын расмий ачылуусуна президент Садыр Жапаров онлайн старт берди. Иш-чарага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана медицина кызматкерлери катышты.
"Пайдаланууга берилген 3 кабаттуу имаратта 2 операциялык блок бар. Мында көз жарган энелер үчүн санитардык нормалардын баары сакталган. Балдарды күчтөндүргөн таризде дарылоо блогу, энелер үчүн 2 реанимациялык блок бар. Ар бир палата 2 же 3 энеге гана ылайыкташкан. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, 220 миллион сом жумшалды", - деп кошумчаланды маалыматта.