Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда зордуктоого шетелген жаран милицияга пара берип жатып кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда милиция кызматкерине пара берген жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 29-августта Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине (Зордуктоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан жаран маселени оң жагына чечип берүү максатында милиция кызматкерине 25 миң сом акча каражатын сунуштаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ал акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Шектүү Өзгөн шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жаран.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан