Биз социалдык тармакта

"Көз майын коротуп..." Өлкөдө мугалимдердин маянасы дагы көтөрүлө тургандыгы айтылды

Өлкөдө мугалимдердин айлык акысы дагы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта өлкө жетекчиси Садыр Жапаров Сузак районунун Барпы айылындагы Н. Алыкулов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышда билдирди.
"Көз майын коротуп, бүткүл дитин балдарга бурган мугалимдерибиздин эмгегин баалоого милдеттүүбүз. Эмгек акыңыздарды дагы көтөрөбүз. Биз сиздердин маянаңыздарды заман талабына ылайыктоонун аракетиндебиз", - деди президент.
Мындан тышкары келечек муунга тарбия, билим берүү маселесин бир гана мектепке жүктөп койбош керектигин айтып, ата-энелердин жоопкерчилиги бийик экенин ата-энелер өздөрү сезиши зарыл деп кошумчалады. Өздөрү да үлгүлүү, билимдүү, маданияттуу болушу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан