
Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта мэриядан кабарлады.
Жол оңдоо иштеринин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
- Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңыртылды;
- көчөнүн кеңдиги мурдагы 12–16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;
- жалпы калыңдыгы 11 сантиметр болгон эки катмар асфальт төшөлдү;
- жаңы бордюрлар жана жол белгилери орнотулду.
Белгиленгендей, бул жол алты тилкелүү болуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана велосипед жолдору курулду.