АКШнын мамлекеттик катчысы Марк Рубио USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) расмий түрдө жабылганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Рубионун айтымында, USAIDдин айрым программалары азыркы учурда Мамлекеттик департаментке өткөрүлүп берилди, ал эми агенттиктин башка программалары 1-июлдан баштап токтотулду.
"Биз январь айынан бери салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миллиарддаган долларды үнөмдөдүк. Азыр кичине программалардын топтому департаментке өткөрүлгөндөн кийин USAID расмий түрдө жабылды", — деп жазды Рубио.
USAID — АКШ өкмөтүнүн көз карандысыз агенттиги болуп, чет өлкөлөргө жарандык жардам көрсөтүү жана өнүктүрүү боюнча иш алып барып келген.