Биз социалдык тармакта

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Таласта белгиленет

2026-жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Таласта белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Жалал-Абад шаарындагы майрамдык иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, эгемендүүлүк күнүнүн ар бир облуста белгиленгендиги жети дубанга бирдей көңүл бурулуп жаткандыгын айгинелейт.

Эскерте кетсек, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында өтүүдө. Майрамдык иш-чара бир катар социалдык мекемелердин ачылышы менен коштолду.

Ал эми гала-концерт Орусиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосунда уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан