Сана шаарында болгон Израилдин аба соккусунун кесепетинен хуситтердин "Ансар Аллах" кыймылы тарабынан түзүлгөн өкмөтүнүн кеминде 10 мүчөсү каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттигине кыймылдын өкүлү билдирди.
Каза болгондордун арасында:
Белгиленгендей, аталган кыймылдын өкмөт башчысы Ахмед Галеб ар-Рахавинин жана дагы бир нече министри курман болуп, бирок алардын ысымдары ачык аталган эмес. Өкмөттүн жаңы премьер-министри болуп анын биринчи орун басары Мухаммед Мифтах дайындалды.
Булактын айтымында, сокку маалында ички иштер министринин орун басары, өкмөттүн кеңсесинин башчысы жана аскердик операцияларды пландоо үчүн жооптуу болгон Сахра аш-Шаркаби да каза болгон.