Бүгүн, 31-августта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Токой чарбасына мамлекет тарабынан 30 унаа берилгенин билдирди. Ал кубанычтуу кабар менен социалдык баракчасынан бөлүшүп, видео киргизди.
Видеодо JAC үлгүсүндөгү унаалардын тизилип турганын байкоого болот.
"Токой чарбасына 30 унаа алдык. Токой чарбасынын деңгээлин көтөрөбүз. Биз үчүн сыймык", - деп билдирди Ажикеев.
Мындан тышкары министр ӨКМдин курулуш компаниясы Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имаратты салганын белгиледи.