1-сентябрь түнү Күндөн чыккан плазма жерге жетет. Бул тууралуу Орусиянын Күн астрономиясы лабораториясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Алдын ала божомолдорго ылайык, G3 деңгээлиндеги магниттик бороон болушу мүмкүн. G4 деңгээлине жетүү ыктымалдыгы 20 пайыз, ал эми эң жогорку G5 деңгээли дээрлик жок.
Адистердин айтымында, бороон маалында түндүк жаркылдоолор (авроралар) 55-градус кеңдикке чейин байкалышы мүмкүн. Ошондой эле Күндөн Жерге карай жаңы плазма ыргытылышы ыктымал.