Эки министрге "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-августта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге аталган наамды облус башчысы Элчибек Жантаев тапшырган.
Наам аларга Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн берилгени белгиленет.