Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга Жалал-Абад шаарында Ош облусунун делегациясы активдүү катышып, бир катар ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Анын алкагында уюштурулган “Улуу мурас” каада-салттар кароо-сынагында Ош облусунун делегациясы “Салтты мыкты чагылдыруу — улуттук салтты эң так жана толук көрсөткөндүгү үчүн” наамына татыктуу болуп, башкы орунду багынтты.
Мындан тышкары, алар “Мыкты кыргыз боз үйү” жана “Улуттук тамак-аштар” сынактарында да кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушуп, улуттук маданиятты жана салттарды жайылтууга өз салымдарын кошушту.