Ооганстандын Жалалабад шаарынын жанында 6 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен кеминде 250 адам каза болуп, 500дөн ашуун киши жаракат алды. Жер титирөө Пакистан чек арасына жакын аймакта болгон.
Жер титирөөнүн очогу Жалалабаддан 27 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, 8 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Учурда издөө-куткаруу иштери улантылууда.