Нигериянын Замфара штатындагы дарыяда жүргүнчү ташыган кайык чөгүп, 13 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя Замфарадагы Бирнин Магажи аймагында болгон. Жергиликтүү тургундар куралчан топтордун чабуулдарынан качып бара жатып, кайык дарыяга чөгүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, дагы 22 киши дайынсыз болууда.
Бийлик өкүлдөрү издөө-куткаруу иштери уланып жатканын жана каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин билдиришти.
Нигерияда жаан-чачын мезгили болуп жаткандыктан дарыялар менен көлдөрдө кайык кырсыктары бат-баттан кайталанууда.