Биз социалдык тармакта

Москвада парашют менен секирген жаран каза болду

Орусиянын Москва шаарында парашют менен секирген жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, 46 жаштагы киши Ми-8 тик учагынан парашют менен секирген. Катуу учуп, жерге түшүп жаракат алган. Каза болгон Дмитрий парашют боюнча спорт чеберлигине талапкер болгон. Аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес, спортчу дарыгерлер келгенге чейин каза болгон.

Клубдун администрациясы 1-сентябрдан баштап Аэрограддын иши кайра жанданарын билдирген. Уюмдун өкүлдөрү окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Учурда тергөөчүлөр өлүмдүн чоо-жайын аныктап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан