Мурдагы министр Гүлнара Баатырова "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүк билдирди.
Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн мурдагы саламаттык сактоо министри, мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери", "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун ардактуу кызматкери" Гүлнара Баатырова "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды деп айтылат.
Наамды бүгүн, 1-сентябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземинде облус жетекчиси куттуктоо сөз сүйлөп, мурдагы министрдин өлкөгө жана аймакка сиңирген эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.