Пакистандын Синд провинциясында окуучуларды ташуучу автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, натыйжасында 20 окуучу каза болду. Каза болгондордун арасында мугалим жана айдоочу да бар. Жаракат алгандардын абалы оор. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Кырсык бүгүн, 15-январда болгон. Окуя болгон жерден жүк ташуучу унаанын айдоочусу качып кеткен. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери аныкталууда.