Биз социалдык тармакта

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды

Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрлик буга жүргүнчүлөрдүн кайрылуулары себеп болгонун белгиледи. Поезддин жүрүү убактысы жана жол жүрүү шарттары өзгөртүлгөн жок.
"Бир гана 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги өзгөртүлдү. Бишкек-2 бекетинен поезд саат 08:45те жөнөп, Балыкчыга 13:16да жетет. Ал эми Балыкчыдан 19:26да чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 23:56 келет",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан