Ооганстанда катуу жер титирөөдөн 700дөн ашуун адам каза болуп, 1500дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык өлкөнүн чыгышындагы Жалалабад шаарынын аймагында 1-сентябрга караган түнү болгон. Күчү 6 баллга жеткен жер титирөө шаарга чоң зыян келтирген. Бир нече айыл толугу менен талкаланып калган.
Учурда куткаруу операциясы башталып, жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө.